www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле өз теңин таап турмуш жолуна аттанган ырчы айым Гүлнур Асанова менен болгон маекке назар салыңыздар!

- Гүлнур, жаш ырчылардын арасында фольклор жанрын жогорку деңгээлде аткарган ырчы айымсың. Кайсы музыкалык кол аспаптарда ойной аласың?

- Комузда кол ойнотом. Аны 9-класс кезимде үйрөнүп баштагам. Кийин консерваторияда билим ала баштаганда статым- Роза Аманова болгон. Роза эже менен үч жыл иштешип, көп нерсени үйрөндүм. Андан соң Улукмырза Полотов агайга өтүп, фольклор жанрын өздөштүрдүм.

- Узун чачыңды кыркканыңа өкүндүңбү?

- Өкүнгөм... Үч күн ыйлагам... Депрессия болгону калдым эле өзүмдү алаксытып кеттим. Адам баласы өзгөрүп туруш керек. Чач тиш эмес, өсөт экен. Азыр өзүмө жагымдуу болуп өсүп калды.

- Тасма жаатында сунуштар түшүүдөбү?

- Ооба, сунуштар түшүп жатат. Бирок, көпчүлүк учурда ыйлаган, кысталган, кыйналган образдарга сунуштар болууда. Мындан үч жыл мурун мындай ролдор боло турган болсо, баш тартам деп айткан элем. Мына ошондон улам айткан сөзүмө туруп эле келе жатам.

- Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңа качан күбө болобуз?

- Ушул жылы менден жакшы жаңылыктарды күтсөңүздөр болот. Жаңы ырлар, клиптер жарык көрөт.

- Сахнадан эмнеге көп көрүнбөй калдың?

- Ден-соолугума байланыштуу бир аз тыныгуу болуп калды. Өзүмө кам көрүп, ден-соолугумду бир жыл ичинде чыңдап жүрдүм. Бирок, тыныгуум мага жакшы нерселерди алып келди. Мисалы, чыгармаларга көз карашым өзгөрүлдү.

- Жашоодо кимдир бирөөгө таарынып жүрөсүңбү?

- Бул жашоодо ар бир адам таарынат. Бирок, аны элге жарыялоонун кажети жок. Баш отумду салып, депрессияга түшкөн мезгил менде болгон жок. Кудайга шүгүр менде баары жакшы.

- Тамак жасаганды билесиңби?

- Тамактын түрүн жасайм.

- Азыркы тапта ар бир экинчи кыз тамеки чегет. Аларга кандай кеңеш бере аласың?

- Бул терс көрүнүш. Ден-соолукка абдан зыян. Кийин тамеки чеккен кыздын боюнда боло турган болсо, балага абдан терс таасирин тийгизет. Бул нерсенин кереги жок.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости