www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз шоу бизнестеги көп кырдуу талант, жылдыздуу ырчы айым Гүлзинат Суранчиева бизде мейманда болуп, ачык маек куруп берди.
- Гүлзинат айым, сизди коомчулук “Абдан жакшы ырдайт. Өзүн татыктуу алып жүрөт” деп баалап калышат. Ырчы катары кайсы ырчылардын ырларын баалайсыз жана кандай ырларды ырдаганды жактырасыз?
- Мен көпчүлүк учурда дүйнөлүк хиттерди укканды жакшы көрөм. Кристина Агилера абдан жагат. Чыгармачылыгын баалайм. Анын ырлары күчтүү өзү дагы вокалист катары мыкты ырчы. Музыкант катары өзүм үчүн ырдаганга ыр тандоодо обондун ар бир ырдын мелодиясынын гармонияга байлуулугун карайм. Ырлардын диапазонунун чоңдугун, вокалдык жактан бийиктигин жакшы көрүп, көбүрөөк мына ушундай ырларды аткарганга аракет кылам. Андан соң мыкты обондон кийин ырды көрккө чыгара турган текст болгондуктан, ырдын сөзүнө да абдан маани берем. Текст абдан мазмундуу, мааниси терең, түшүнүктүү, уйкаштык жагынан да идеалдуу жана обон менен айкалышуусу шарт. Баарын даярдап камданып алган соң, ырды жаздырууга, аткарып чыгууга камданам.
- Чыгармачылыгыңызды өнүктүрүү үчүн ыр жаздырууда, клип тарттырууда же телеге тартылууда карызга батып көрдүңүз беле?
- Ушул күнгө чейин чыгармачылыгымды өнүктүрүү үчүн карызга батып, чөнтөгүмдө бир сомум калбай калган күнүм болгон эмес. Өзүм тапкан каражатым эле жетип жүрөт. Ошол үчүн мен бактылуу ырчы болушум керек.
- Бир учурда фонограмманы жоюуга болгон аракеттер көрүлгөн эле. Эгер аны түп тамыры жоюшса, өзүңүздүн күчүңүзгө ишене алат белеңиз?
- Фонограмманы жоюууга аракеттер көрүлүп жатканын укканда мен абдан кубангам, колдогом. Себеби, мен өзүмдүн күчүмө толугу менен ишенгем жана ишене берем коркпойм дагы. Азыр да көпчүлүк учурда техника жакшы болсо, жандуу ырдаганга аракет кылам. Азыр биздин эстрадада халтура абдан көп. Халтуранын өсүшү мага окшогон билимдүү ырчыларга өзүлөрүнүн тоскоолдуктарын көрсөтүшөт. Мисалы, музыкалык билими жок бир ырчы мен өзүмдүн талантымды, чыгармачылыгымды мындай баага деп бааласам, ал келип алып биздин бааларыбызды түшүрөт. Биз элдерге беш сом төлөйсүздөр десек, ал бир сомго макул болуп ырдай берет. Анткени, ал өзүнүн ырына, аранжировкасына көп деле каражат короткон эмес. Эптеп чампалап жаздырып алып, той вариант кылып ырдап жүрө берет. Бул толугу менен халтуранын варианты да. Мына ушундай нерселердин жыйынтыгынан шоу бизнестеги рыноктун баааларын түшүрүп бизди кыйнашат. Биздин шоу бизнесте саны бар сапаты жок ырчылар толтура. Сапаты бар ырчылар абдан аз. Мына ушул нерсе мени катуу ойго салат...
- Сиз сахнага жаңыдан кадам таштап жаткан маалда кыргыз шоу бизнесинде кандай артыкчылыктар жана кемчиликтер бар эле?
- Мен жаңыдан сахнага кадам таштап жатканымда аттуу-баштуу ырчылар аябай көп болчу. Алар менен атаандашып чыкканга бизде коркунуч болгон. Күчтүү ырчылардын катарын Гүлнур Сатылганова, Жамиля Муратова, Гүлнара Тойгонбаева, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов толуктап, алардын жылдыздары жанып жаткан маал эле. Алардын баары азыр да жакшы ырчылардын катарына киришет деп эсептейм. Ошол кезде “Ар бир ырчы эл аралык деңгээлдеги сынактарга барыш керек” деген нерсе мода болчу. Азыр биздин ырчылар айылдан же шаардын ичинен бир, эки клип тартып алып эле өзүлөрүн жылдыз санап жатышпайбы!? Биз жаңы чыкканда ырчы эл аралык наам алганда гана аны кыргыз эли жакшы кабыл алчу. Наам албасаң, сени эч ким ырчы катары көрүшчү эмес. Мына ушундай коркунучтардын болгонун мен артыкчылык катары эсептейм. “Шантелл” тобу менен жакшы ырды жаздырып сахнага чыгып, радио, теле каналдарга бергенде популярдуу болуп, күйөрмандар пайда болуп жатканын өзүбүз эч түшүнгөн эмес экенбиз. Биз тез эле “раскрутились” (күлүп). Продюсердик планда да тез эле таанымал болуп кеткенибизге маани да бербептирбиз. Ал эми кемчилиги бүгүнкү күндүн көз карашы менен карап айта турган болсом, биз ырларды клавишалык инструменттерге жаздырчубуз. Азыркыдай техника деген нерсе жок. Клавиша менен ыр жаздырып, өзүбүздүн талантыбызды өнүктүрчүбүз. Азыр техниканын өнүгүшү менен көпчүлүккө белгилүү болгон үн карта деген нерсе чыккан. Аны сатып алсаң, кандай үндү кааласаң анын баарын табасың. Учурда жаңыдан сахнага чыгып жаткан ырчыларга жакшы шарттар бар деп ачык эле айта алам. Биз техникадан эле бир аз кыйынчылыктар болбосо, биз сахнага чыкканда баары жакшы болчу. “Биз буга же тигиге жетпей жатабыз” деген арыздануулар болгон жок.
- Той-топурдан сизди көп кезиктирбейм. Тойлорго көп чыкпайсызбы? Эгер чыксаңыз ставкаңыз канча?
- Мен тойдун ырчысы эмесмин. Башка ырчыларга окшоп күнүгө той-топурда чуркап жүрбөйм. Менин өз угармандарым бар. Анда-санда алар өзүлөрүнүн жакшылыктарына чакырганда барып ырдап турам. Мен деле башкаларга окшоп тойдон акча тапканды билем. Ставкам сүйлөшүү жолу менен чечилет.
Маржан Назарбаева, NazarNews.kg