www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-декабрында ички иштер министирлигинин орун басары Октябрь Урманбетов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе жана Коомдук коопсуздук министирлигинин өкүлү фань Цзюньвей менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Жангабылов катышты.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн сүйлөшүүсү ИИМдин имаратында болуп өткөнү айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы Кытай жарандарынын жана ишкерлеринин коопсуздугун камсыздоо маселеси каралды.
Өз кезегинде, Октябрь Урманбетов эки өлкөнүн укук коргоо кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүгө ишеним билдирди.
Булак: NazarNews.kg