www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата ИИМдин Академиясында “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелер” 
аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү 
секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү тобунун эксперти Тамара Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Орозакунов, ИИМдин МАККББнын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, РИИБнын мамлекеттик тил боюнча тескөөчүлөрү,   ошондой эле ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

Иш-чараны ачып жатып ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, окуу жайда сабактар мамлекеттик тилде өткөрүлүп жана аны өнүктүрүүгө карата бир топ аракеттер жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.
Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин Академиясынын башчысынын буйругу менен атайын иш-мерчем бекитилген. Анын алкагында тил жумалыгы жарыяланып “Мамлекеттик тилде өткөрүлгөн мыкты сабак” аттуу сынак жүргүзүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Г.Мадумарова, ИИМдин Академиясынын УАИжЭКБнын мамлекеттик тил боюнча тескөөчүсү,  милициянын подполковниги Н.Чекирова, Окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысынын орун басары,  милициянын полковниги Ж.Кадырмамбетова, Тилге даярдык кафедрасынын профессору милициянын полковниги Ж.Секебаевадан турган комиссия түзүлүп, бир жума бою сабактарга катышып, кыргыз тилинде сабакты мыкты өткөн окутуучуларды аныктап чыгышты.

Жумалыктын жыйынтыгы менен мыктылар аныкталып, аларга Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды:

 М.Ажыгулов – “Эне тил” төш белгиси, У.Шаршеналиев, Э.Абдыкеримов – Ардак грамота, Р.Сыдыгалиев, Б.Исмадияров, Ж. Айдарбеков, Б. Абдыбеков – кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Өз сөзүндө Назаркул Ишекеев, ИИМдин Академиясында мамлекеттик тилге болгон мамиле жогору экенин баалап, аны мындан ары өнүктүрүп кетүүгө көптөгөн акыл-насааттырын, кеп-кеңештерин айтып өттү. Ал эми Айбек Орозакунов Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик тилде иш жүргүзүүдөгү бир топ көйгөйлүү маселелерди айтып, катуу талкуу жаратты. Негизги маселе катары ИИОдо колдонулуп жаткан терминдерди бирдейлештирүү жана кызматтардын аталыштарынын реестриндагы айрым терминдер мааниси жагынан аталган кызматтын ишмердүүлүгүнө дал келбей жатканын баса белгилеп, бул маселени жалпы отуруп чечүү эң зарыл экендигин билдирди.

Ошондой эле иш-чарага катышып жаткан шаардык, облустук, райондук ички иштер органдарынын мамлекеттик тил боюнча өкүлдөрү докладдары менен чыгып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон өз сунуштарын айтып өтүштү. Соңунда илимий-практикалык конференциянын катышуучулары ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир нече пунктан турган сунуштамаларын иштеп чыгышты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости