www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Ош шаарынын №42 Керме-Тоо орто мектебинин базасында жайгашкан “Мээрим” балдар чыгармачылык борборунда окуучулар арасында “Интеллектуалдык менчик мектеп окуучуларынын көзү менен” аталышындагы викторина-сынагын  өткөрдү.

Иш-чара региондорду  өнүктүрүү жана аймактардагы мектеп окуучуларынын интеллектуалдык чыгармачылык жигердүүлүгүн өстүрүү жана колдоо, дүйнө таанымын кеңейтүү, алардын ар тараптуу талантын, өнөр-шыгын ойготуп, интеллектуалдык менчиктин ээси болууга үндөө максатында өткөрүлдү.

23-апрель күнү сынактын тандап алуу турунан ийгиликтүү өткөн 12 команда финалдык баскычта 3 номинация боюнча (поэзия, сүрөт, интеллектуалдык суроо-жооптор) күч сынашты. Сынакка ОшМУнун, ОшТУнун, ОшМСУнун профессордук-окутуучулук курамынан, интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн өкүлдөр калыстык  кылышып, жыйынтыгында Кыргызпатенттин атайын диплому жана акчалай сыйлыгы менен төмөнкү командалар сыйланышты:

- "МЭЭРИМ" Балдар билим борбору  I даражадагы диплом жана 9000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды;

- №18 Навои атындагы орто мектеби I даражадагы диплом жана 9000 сом акчалай сыйлык;

-  Олимп мектеп-гимназиясы II даражадагы диплом жана 6000 сом акчалай сыйлык;

- № 22 С. Шарипов атындагы орто мектеби II даражадагы диплом жана 6000 сом акчалай сыйлык;

- № 50 П. Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясы III даражадагы диплом жана 4000 сом акчалай сыйлык;

- № 43 Бабур атындагы орто мектеби III даражадагы диплом жана 4000 сом акчалай сыйлык;

- №42 Керме-Тоо мектеби III даражадагы диплом жана 4000 сом акчалай сыйлык.

Ал эми №27 Партсъезд жана № 34 Ч. Түлөбердиев атындагы орто мектептери кызыктыруучу сыйлык ирээтинде диплом жана 2500 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мындан сырткары активдүү  катышкан окуучуларга китептер жана сертификаттар тапшырылды.

Жалпысынан сынакка 12 курама командадан турган 84 мектеп окуучулары катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости