www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Суу РИИБи каймана аты «Бык» аттуу 70 жаштагы тургуну М. Пертти кармашты. Анын үйүнөн мыйзамсыз сакталып жүргөн көптөгөн ок-дарылар, курал-жарактар табылган. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБинен Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда 13-февраль күнү шектүүнүн үйүнө санкциялаштырылган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда колго жасалган 7-62 мм калибрдеги сайлуу 3 даана заттар;

 16 калибрдеги сайсыз 2 даана ок атуучу куралдар;

 «аммонит» үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу заттар;

 84 даана 7,62 мм жана 5,45 мм калибрдеги ок дарылар;

ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылып алынды.

СҮ

Аталган факт КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ак-Суу райондук милициянын башчысы Улан Канаев белгилегендей ок атуучу куралдар менен кылмыштын алдын алуу, мурда катталган кылмыштын бетин ачуу жана укук тартиптин алдын алуу максатында аймакта «Арсенал» операциясы өтүүдө. Аталган операциясынын алкагында колдорунда ок атуучу куралдарды сактаган адамдар толугу менен текшерилерин белгилеп, эгерде ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактаган адамдар өз ыктыярлары менен милиция өткөрүшсө кылмыш жообуна тартылбастыгын эскертти.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости