www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Rixon" ооруканасына 53 коробка дары-дармек жеткирилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.
"Тилекке каршы, дары-дармектердин жетишсиздиги республика боюнча байкалууда.
Ага карабастан, Фонддун кызматкерлери жетиштүү дарыларды сатып алышып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен, мисалы: дексаметазон, рингер, гепарин, адреналин, преднизон жана аскорбин кислотасы.
“Rixon” убактылуу ооруканасында дарылоо процесси дагы эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө",- деди Искендер Матраимов.
Белгилей кетсек, Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачышкан.
Алсак Райымбек Матраимов:
10 жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ);
500 кислороддук концетраторлорду;
2 портативдуу рентген аппараттарын;
50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметрлерди;
200 дарыгерлердин коргонуучу костюмдарын сатып алышкан.
Андан тышкары дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы Фонд тарабынан камсыздалып турат.
Эске сала кетсек, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда 250 миң бет кап, вирустун белгилерин ыкчам көрсөтүүчү 20 миң экспресс-тесттер, 500 коргоочу костюмдар жана 500 коргоочу көз айнектерин беришкен. Ошондой эле, мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом, калктын жардамга муктаж катмарына ун, өсүмдүк майы жана азыктар салынган баштыктарды таратып беришкен.
Мындан сырткары, унутулуп калган кыргыз киносунун ардагерлерине чакан гуманитардык жардам көрсөткөн.
Булак: NazarNews.kg