www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. 

"Жарым айдан бери адам өмүрүн сактоого болгон күч –аракетин жумшаган дарыгерлер өз ишин аякташты. Эми жакынкы 2 жума аралыгында алар обсервацияга жайгаштырылып өзүлорүнүн ден-соолугун чындоого мүмкүнчүлүк алышат. Жарым ай аралыгында 32 дарыгер 705 бейтапка кеп-кенешин берип, алардын 120сын ооруканага жаткырып медициналык жардам көрсөтүшкон. Алардын ичинен 82 адам айыгып чыгып, 3 адам реанимацияга которулду",-деди Искендер Матраимов. 

Депутат коронавирус илдетине чалдыккан оорулууларды дарылоого алгачкылардан болуп кол сунган дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирип, иш графигинин оордугуна карабай алар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөнүн айтты. 

Ошондой эле, Саламаттык Сактоо министрлигинин «Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр» тууралуу буйругуна ылайык «Исмаил Матраимов» атындагы фонд 32 дарыгерге акча которгонун кошумчалады. 

"Адам өмүрүн сактоого багытталган иштерде сиздер менен дагы чогуу чаран иш алып бараарыбызга ишенебиз! Дарыгерлерге рахмат!",-деп Искендер Матраимов сөзүн жыйынтыктады. 

На изображении может находиться: 3 человека, люди сидят, часть тела крупным планом и в помещении

На изображении может находиться: один или несколько человек, люди сидят, ребенок, стол и на улице

На изображении может находиться: один или несколько человек, люди сидят и стол

Булак: NazarNews.kg

Последние новости