www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын “Голос” теле долбоорунда оозго алынаарлык ийгиликтерге жетишип, бирок мамлекеттин бир дагы баалуу кагазына ээ болбогон ырчы Кайрат Примбердиев менен ар кыл темада баарлаштык.

- Кайрат, өзүңө жакпаган сапатың барбы?

- Кээде айрым адамдар менен кайым айтышып, сөз талашып калчылдашып кеткен учур болсо мен унчукпайм дагы бир топ убакыт өткөндөн кийин “Жана мындай деп жооп берсем болмок экен. Эмнеге андай кылып салдым” деп кечке ойлоно бермей сапатым тап такыр жакпайт. Мүмкүн бул менин жооштугумдан болсо керек деп ойлойм. Бул сапаттан арылуу үчүн жакшы аракет кылуум кажет.

- Ырчылыктан сырткары эмне менен алексиң?

- Азыркы тапта убактымдын баардыгы чыгармачылыкка кетип жатат. Өнөр менен жан багып, нан таап жеп жаткан соң бул ишке берилүү, көңүл коюу менен эмгек жасоо зарыл. Башка иштер менен алек болгон учурда да музыкадан чектебейм. Мисалы, обон жаратып, текст жазып, аранжировка жасайм.

- Кайсыл мамлекетте жашагың келет?

- Өнүккөн Кыргызстанда жашагым келет. Акыркы жылдары мамлекетибизде жакшы өзгөрүүлө болууда. Бирок, мындан дагы өнүккөн мамлекет болушун абдан каалайм.

- Бай адамдардын катарын толуктайсыңбы?

- Материалдык жактан алып караганда мен орто эсептеги бай адам болушум керек. Ал эми жан дүйнө жаатында мен өзүмдү баймын деп эсептейм.

- Стилисттер менен иштешесиңби?

- Кесипкөй стилисттер менен кызматташпайм. Өзүмө-өзүм стилистмин десем жаңылбайм. Себеби, келинчегим экөөбүз кеңешип бир стилди ойлоп табабыз.

- Спорт менен достошосуңбу?

- Жок, себеби дайыма машыгып жүргөн спорттун түрү менде жок. Кичине кезимде күрөш менен машыкчумун. Бирок, негедир ырчылыкка көбүрөөк көңүл бөлүп, жакшы көрүп кеткендиктен спортту артка таштап салгам. Албетте ден-соолукка кам көрүп, денени бир калыпта кармоо үчүн күндө эртең менен турганда көнүгүү жасап турам.

- Күйөрмандарың тууралуу эмне айта аласың?

- Мен үчүн ар бир күйөрманым мени колдоп турушун абдан каалайм. Ошондуктан, алардын колдоосу, ойлору мен үчүн маанилүү. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу күйөмандарымдын саны күн сайын өсүүдө. Жаштар эле эмес, улуу муундагы адамдар да жакшы сөздөрүн арнап, сыйлап турушат.

- Музыкалык аспаптарда кол ойното аласыңбы?

- Ооба. Комузда, гитарада колдо ойной алам. Мен жараткан көпчүлүк обондорум мына ушул аспаптардын жардамы менен чыккан. Бул аспаптарда үйрөнчүк катары ойнойм. Кесипкөй ойногонго аракет кылуудамын. 

- Бийлеген жагабы?

- Ооба, сахнада өзүмдү ээн-эркин алып бийлеген жагат. Бийди үйрөнүү үчүн атайын хореографтарга барбайм. Болгону дүйнөлүк жылдыздар Майкл Жексон, Криз Браун, Бруно Марс бийлегндерин жактырып, алардан үлгү алып үйрөнүп кеткем. Өзүмө таандык кыймыл-аракеттерим да бар десем болот.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости