www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда сөөктү өрттөшөт
Бир миллиард эли бар кытайлыктар үчүн сөөктү көрүстөнгө коюу кымбатка турат. Андыктан алар сөөктү өрттөө мыйзамын кабыл алышкан.
Жапон элинде
Жапон элинин 99%ы сөөктү өрттөшөт.
Европа өлкөлөрүндө
Европада жарандардын өз каалоолоруна жараша болот. Айрымдары тирүү кезинде эле керээз калтырышат. Чукул каза болуп калган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү бул маселени кеңешип чечишет.
Индияда
Индияда сөөктү өрттөп, сөөк өрттөлгөн жерге күлүн тогуз күн сакташат. Өз сыйынууларын жасаган соң, кулдү Ганга суусуна ыргытышат. Алыс жакта жашашса, сөз жок кимдир бирөө аркылуу да сөөктүн күлүн Ганга суусуна салдырышат.
Араб өлкөлөрүндө
Араб элинде биз сыяктуу эки метр тереңдикте көр казылып, сөөк жуунтулуп, кепинделип узатылат.
Өлүктү дениздерге узатуу
Айрым өлкөлөрдө каза болгон адамдын тирүү кезинде айткан керээзи болсо, сөөктү өрттөп туруп деңизге же чалкыган океанга ыргытышат. Айрым өлкөлөрдө, мисалы, Австралияда бул салтка тыюу салынган.
Булак: АЗИЯnews