www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгаан журналист, маркум Улан Эгизбаевдин денесинде так бар экендигин анын досу журналист Каниет Жыргалбеков NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

Каниет Жыргалбековдун айтымында, “маркум Улан Эгизбаевдин согончогунун өйдө жагында чоңдугу болжолдуу сөөмөйдөй болгон эки окшош так бар экен. Ал такты ЖК депутаты Жанар Акаев менен өкүл атасы Абдывахап Нурбаев дагы көрдү” –деп айтып, окуянын чоо-жайын төмөнкүчө билдирди.  

--Каниет мырза, Сиздин маркум досуңуз Улан Эгизбаевдин соттук-медициналык экспертизасына катышты деп уктук. Эмне үчүн нараазы болуп атасыз?

--Ооба, Улан менин досум болгондуктан соттук-медициналык экспертизага катыштым. Маркум досум Улан Эгизбаевдин согончогунун өйдө жагында чоңдугу болжолдуу сөөмөйдөй болгон эки окшош так бар экен. Аларга “бутунда так бар экен”, десем “силер бир жерге уруп алгансыңар” дейт. Анан чыдабай кетип Уланды көтөрүп келген төшөктү сырттан көтөрүп келдим. Арада, Чолпон-Атадагы милициялар менен уруша кеттим, силер бир тараптуу карап эле, экинчи карабай ишти жаап атасыңар, Улан чындык деп жүрүп көз жумду”, эми Уландын табышмактуу өлүмүн ачыкка чыгарып бергиле”, дедим. Мен денени кесип баштагандан тарта тиккенге чейин катыштым. МОРГдогулар менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп алгандай бири-бири менен мамиле кылып атышты.

Экспертизанын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатканда, алар мага “бутундагы так жер, эгерде кол менен кысылган болсо, ичи агарып калат” деди, кийин эле экспертиза учурунда чын эле ичи агарып чыгып калганын көрдүм. Баарын сүрөткө тартып алдык. Досумдун бутундагы кара такты, Жанар Акаев менен Абдывахап Нурбаев дагы көрдү. Баарын көрүп билип туруп, ачыкка чыгарбаса, күйбөгөн  жериң күл болот экен. Анткени ИИМ, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тыянак чыгарып жатканына ачуум келди. Окуянын чоо-жайын, алар изилдеши керек эле,

--Сиздер көлдө эс алганда чогу болдуңуздар беле?

--Улан досум келинчеги менен чогу эс алганы барган.  Кызыгы, алар мейманканадан баарын өткөрүп беришкен. Аңгыча эле көлгө түшүп келе калайын деп көлгө түшөт. Жубайы, ал учурда көлөкөдө эс алып олтурган болот. Анан эле көл жээгинде ызы-чуу болгондо барса Улан...Ошол окуя болгон жерден эле тез жардам чакырылып, Улан ооруканага жетпей көз жумат. Уландын жубайына окуяны айта албай, бүгүн эртең менен угуздук...

--Улан досуңуз болсо жакынкы күндөрү суз жүргөнүн байкадыңыз беле?

--Жок, Улан жашоодо тытынып жашады. Ал, элдин көгөйүн кечки саат 18:00дөн баштап , түнкү саат 12 чейин укчу. Карапайым калкка колунан келишинче жардам берди. Акыркы жолу ырчы, Урмат Усенов менен кечке жолугуп сүйлөшүп олтурдук. Анткени Улан жакын досум болгондуктан көп маселени чечүү үчүн чогу барчубуз. Өткөн жылы эле айылга үй салган эле. Тилекке каршы ал үйгө Улан досумдун жакшылыгы болбой сөөгү коюлуп калды.

--“Улан киши колдуу болуп каза тапты”, деген ой сизде жаралган жокпу?

--Албетте оюмда бар. Соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканда “ашказанын текшергиле” деп, каттуу талап койдум. Анткени оюма ар нерсе келди. Соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканда аябай ачууландым. Ашыкча жаракат алган жерин көргөнүм жок, бирок бутунда көгү бар экен. Эмнеси болсо дагы Уландын өлүмүнүн сыры ачыкка чыксынчы...

--ЖК депутаты Чыныбай Акуновичди айрым соцтармактын колдонуучулары күнөөлөгөндөй болуп жатышат. Ага Уландын жакын досу катары кандай дейсиз?

--Мен алдын-ала эч нерсе дей албаймын. Анткени Чыныбай Акуновичке, Улан биринчи өзү СМС жазып сүйлөшкөнүн окудум. СМСде Чыныбай Акуновичден номер сураган. Ал киши “менин атымдан бекер эле барып эс ала бер”, деп жазган. Бул жерде бул кишини күнөөлөй албаймын, анткени экөөнүн мамилеси абдан жакшы болчу.

--Телефондо окусаңыз, кандайдыр сүйлөшүүлөр бар бекен..

--Ооба, телефондо ким менен сүйлөшсө баарын жазып алыптыр. Айрымдар, “акча беремин, жаап кой” деген үн сүйлөшүүлөрү бар экен.

--Сизде кандайдыр бир версиялар дагы барбы?

--Улан чыгаан журналист болчу. Канчалаган көмүскө иштердин көзүн ачты. Ошол келген күнү баракчасына “Акун” пансионатын белгилеп, Инстаграм баракчасынаи киргизип койгондо жүрөгүм негедер тынчсызданган. Сүрөттөрдү салбай эле койсок болмок экен деп.

--Уландын сууга чөккөн жери чын эле 1 метр 50 см беле?

--Так өлчөмүн билбейм, суунун жээги эле экен. Пирстен секирген эмес.

--Ал сууга сүзгөндү билчү беле?

--Улан, эки жыл мурун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жыйыны көлдө өткөндө, сууга түшөм деп чөккөн экен. Аны бир топ өзү “бир жолу ажалдан калдым” деп айтып жүрдү.

--Суудан алып чыкканда тирүү бекен...

--Ооба тирүү экен, суудан алып чыкканда куткаруучулар туура эмес аракет жасап коюштубу билбеймин.

--Улан акыркы күндөрү кайсы сөзүн сага көп айтчы...

--Улан, үй-бүлөсүнө, жакындарына караганда Кыргызстандын келечегин көп ойлочу. Акыркы күндөрү ал, “коррупцияны Кыргызстандан 2020-жылга чейин жок кыламын дагы депутаттыка коёмун. Ошол мезгилде корупционерлердин баары жок болот. Кыргызстанды 5 жыл дебейин, 10 жыл дегенде өнүктүрөбүз, Дубайдай өнүккөн мамлекет кыламын”, деп айтчы.

--Жашоодо кандай адам эле..

--Туура эмес жолдо баспаган түз жүргөн инсан болгон.. Ал жашоондо бир эле кызды сүйдү, ошого үйлөндү. Уландын жанында жүргөндө түз жүргөнгө аракет кылчым.

--Уландын жубайы, оорду толгус жоготууну укканда кандай ахыбалда калды...

--Эми анын Уланы ичинде калды. Бир үйдө жалгыз бала эле, жубайы аман-эсен көз жарып алсын.

--Качан жерге берилет?

--Эртең, Кочкордо, саат 10:00дө Көк-Жар айылында акыркы сапарга узатылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости