www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ИИМдин БМЖКККнын (Банги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 09-июлунан 15-июлуна чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында «Кара-Куурай» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын-ала профилактикалык иш-чаралары уюштурулуп, өткөрүлгөн.

Жалпысынан «Кара-Куурай» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын ала профилактикалык иш-чараларын өткөрүүгө 300дөй адам тартылган. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун ШРИИБү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жер жерлерде баӊгизатын камтыган жапайы өсүмдүктөрү өскөн аймактарды аныктоо жана аларды жок кылуу максатында 117 атуулдан турган 14 жумушчу топ түзүлгөн.

КР ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан облусттун ШРИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүрүүсүнө каршы күрөшүү максатында жапайы кара-куурайларды жок кылуу иштери жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте уланууда.

Бүгүнкү күндө, «Кара-Куурай» операциясы учурунда 25,04 га жер аянтында өскөн, жалпы салмагы 28 тонна 212 кг. жапайы кара-куурай өсүмдүгү жок кылынган.

Белгилей кетсек, аймактардын ичинен кара куурай өскөн эң чоң аянтты Токтогул району камтыйт. Учурда бул райондо 13 гектар жапайы өскөн кара куурайлар техника трактордун жардамы менен орулуп, жок кылынууда. Жылдан жылга жок кылуу иштеринин натыйжасында кара-куурай өсүмдүгү өскөн жерлер азайганы байкалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости