www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн “Нелегал - 2021” профилактикалык иш-чарасы учурунда облус аймагында “Хизб ут- Тахрир аль Ислами” диний партиясынын эки лидери кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун тургуну 1978-ж.т. Д.А. болгон. Ал Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан кармалган.
Мындан сырткары “Нелегал – 2021” операциясынын алкагында Сузак району боюнча “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-ж.т. И.И. кармалган.
Кармалган атуулдар өздөрү жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болгон.
Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун атрибутикаларын, аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган. Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.
Булак: NazarNews.kg