www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет тармактарында Кытайдын Ухань вирусология институтунун лабораториясынын коронавирус пандемиясы тараганга чейин алынган бир нече сейрек сүрөттөрү пайда болду. Буга чейин Британиянын, АКШнын чалгын кызматы дал ушул лабораториядан вирус тарап кетиши мүмкүндүгүн деген версияны айтышкан эле. Сүрөттөрдү «MSN» жарыялагандыгына таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул сүрөттөр 2015-2017-жылдары тартылган.

лаборатория

Ухань вирусология институтунда 1,5 миңден ашык коркунучтуу вирустун түрлөрү сакталып турат. Лаборатория кооптуу козгогучтарды, айрыкча жарганаттар аркылуу жуккан вирусту изилдөөгө басым жасайт.

лаборатория

Декабрь айында чыккан жаңы вирус аталган институтта пайда болгон деген божомолдор айтылган. Бирок лабораториянын окумуштуулары адам биринчи жолу жапайы жаныбардан коронавирус жуктурганын маалымдашкан.

лаборатория

Кытай мындай теорияларды бир нече жолу четке каккан. Ушул жылдын февраль айында институттун директору Ши Ченгли маалымат жыйында вирус лабораторияга байланыштуу эмес деп баса белгилеп, "өз өмүрүм менен кепилдик берем" деп айткан. 

Көптөгөн эл аралык эксперттер да мындай теорияларды четке кагышкан.

лаборатория

300 миллион юанга (34 миллион фунт) бааланган бул долбоорду толугу менен бүтүрүү үчүн Кытай 15 жыл сарптаган.

лаборатория

Институттун негизин биологиялык коопсуздугу эң жогорку деңгээлдеги төрт кабаттуу лаборатория түзөт. Лабораториянын курулушу 2015-жылы аяктап, ар кандай коопсуздук текшерүүлөрүнөн өткөндөн кийин 2018-жылдын 5-январында расмий түрдө ачылган.

лаборатория

Булак: NazarNews.kg

Последние новости