www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Англиянын Лутон шаарынын медайым болуп иштеген тургуну көз жарып, COVID-19 инвекциясынан каза тапты. Бул тууралуу DailyMail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы кош бойлуу медайым Агейвы Агиапонгдун(Mary Agyeiwaa Agyapong) 5-апрелде коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыгып, ал вирус жуктурганы малым болгон. 7-апрелде өзү иштеген ооруканага жаткырылган. Анын абалы оорлошуп бара жатканына байланыштуу дарыгерлер кесарево менен төрөтүшкөн.
Ал эми жекшемби күнү, 12-апрелде Агиапонг көз жумду. Анын жаңы төрөлгөн ымыркайынын абалы жакшы.
“Мэри бул жерде беш жылдан бери иштеп жаткан. Биздин командабыздын барктуу жана сүйүктүү мүчөсү болгон. Ал укмуштуудай медайым болчу”,-деп ооруканын аткаруучу директору Бедфордшира Дэвид Картер (David Carter) билдирди.
Ошондой эле директор каза болгон медайымдын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Булак: NazarNews.kg