www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда учурдагы кырдаалга байланыштуу ар тараптан коронавируска каршы күрөшүүгө каражаттар чогулуп жатат.

Алардын арасында кыргыз мигранты да бар. Фейсбук социалдык тармагынын Бакыт Будайчиев атту колдонуучусуүй-бүлөсүнүн атынан 15 мих сом котором деп билдирүү жазып чыкты.

“Туугандар баарыңыздарга жалындуу ысык салам, бирибизди сыйлашып урматташып жашайлычы. Ушундай оор кундө кыргыз элибизге кандай гана жаман оору келип жатат, Аллахым бизди сактасын. Кыргыз эли момун калкбыз, 3 күндүк айлык акымды которойун 15000 (он беш мин) үй-бүлөмдүн атынан. Өкмөт башчыга которобузбу? Аз болсода кабыл алып коюңуздар, мен карапайым мигрантмын, счёт ?”

Белгилей кетсек, кечээ жакында эле Даниель Ажиев атту жаран 7 облуска 7 млн сом которгон.

Бардык ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебине түшөт.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түшкөн каражаттардын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат. 

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус каршы күрөшүүгө жалпы 10 млн 294 миң 358 сом чогулду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости