www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солк этпеген союз таркагандан кийин, Кыргызстандын экономикалык жүрүшү басаңдап, тепсе термелбей, созулгандан созулуп, сүзүлгөндөн сүзүлүп келе жатат. Экономикабыз ташбака жүрүш бул жакта калсын,  тарбайып эле жатып калды окшойт.

25 жылдан бери үзүлбөгөн  үмүт менен жашап келе жатабыз. Жылдар өзгөргөнү менен бийликтегилер такыр эле өзгөрүлбөдү. Кыргыз элин тажаткан жана көргүсү келбеген мордалар.

Дедик...Эми кеп кезегин борборуздун так ортосунда жайгашкан Кожомкул спорт сарайына буралы. Ал спорт сарай кандай гана күндөрдү башынан өткөрбөдү. Сахнада канчалаган ырчылардын бакты ачылып, атактуулукка жеткирди. Сыртынан караганда керилген чоң имаратта жылына көптөгөн концерттер коюлуп, ижарага акчалар тынымсыз түшүп, акча агылып кирип турчу имараттардын катарына кирет.

Спорт сарайга иш-чарага барып калсаң, албетте биринчи кабаттан ылдый көздөй түшөсүң. Тепкичтен түшүп бара жатканда кооз кыргыздын оймо-чиймелери көзгө урунат. Анан эле сол тарапта сонун кооз жасалгасы бар бөлмөнү көрүүгө болот. Бирок ал бөлмө эмнеге мынча кооздолгону мен үчүн түшүнүксүз болду.

Андан ары ажатканасын айтпай эле коёлу. Мындан бир нече жыл мурун ажатканасы да эл арасында армансыз эле талкуу болгону эсибизде.

Эми, аталган спорт сарайдын концерт коюуучу залын сүрөттөйлү. Баягы эле, союздан калган калдыктар. Олтургучтардын эскилиги жетмектен жетип, айрымдары сынып четте турат. Олтургучтардын тытылып, айрылып кеткен жерлерин скотч менен жармаштырып койгон. Сахнанын артын айтыштын деле кереги жок. Полдордун боёктору өчүп, жыгачтардын жыртыла баштаганын так ушул жерден көрсөң болот. Эгерде залдан түз экинчи кабатына көтөрүлөм десеңиз, өтө абайлап басканга туура келет, тепкичтери эргээжелдердин бутуна ылайыкташтырылган. Сахнада илинип турган пардолорунун эскилиги эбак жеткен. Кыскасын айтканда союздан калган саркындылар ошол боюнча былк этпей турат. Тактап айтканда, аталган спорт сарайдын “сырты жалтырап, ичи калтырап” турганына өз көзүң  менен көрүп күбө болосуң.

Урматтуу Кожомкул атындагы спорт сарайдын өкүлдөрү, кыргыз эли ыр менен күүгө жакын калк! Чындыгын айтканда канчалаган ырчы-чоорчулар ижарага концерт коюп, кызылдай акчаларын санап беришет. Концерттик залдын ичине көңүл буруп койсоңуздар эл деле Сиздерге чоң ыраазычылыгын айтса керек. Фундаменти куюлуп, имараты тургузулуп калган залдын ичин кооздоп койгон колуңардан келбесе, эмне дейбиз, аман эле болгула! Чыгармачыл адамдар концерт учурунда 20 мүнөт кечиксе, электр жарыгын өчүргөндү билесиңер, киреше киргенден кийин 2 жылда бир жолу чыгаша кылганды үйрөнүп, заманбап болбосо дагы өзгөртүүнү ойлоп койсоңуздар жакшы болмок... 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости