www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант-бир барактаганын кандай жазса, кийинкилерин дагы так ошондой жазат. Ырчылык өнөр ары татаал, ары кызыктуу болот окшобойбу. Анапия айымдын аткаруучулук чеберчилиги ырларынын көркөмдүүлүгү, көп түсүүлүгү, коӊгуроодой шыӊгыр үндүн уккулуктуулугу менен күйөрмандарынын сый-урматына ээ. Кыргыздын ырчы кызы Анапия Райымбекова аткаручуулук менен гана чектелбесен мукамдуу обондордун ээси. Кыргыздын көрүнүктүү режиссёру, КРнын эл артисти Алмаз Сарлыкбеков менен7 Анапия Райымбекова көргөн адам суктанаарлык кош жылдыз болушту. Бармак тагы бир-бирине окшошпогондой, жашоонун өзү чааралекей. Анапия айым кыргыздын кыраан уулун, бир чети жолдошун, бир чети чыгармачылыктагы досун, сырдашын жоктотпой уулуна тирөөч болуп келет.
- «Раймаалы менен Бегимайдын» ырын эстегенде залкар талант У. Полотовдун жанында обон созгон кыпкызыл көйнөк менен кара чыптама кийген Анапия Райымбекованы мен бала кездеги бойдон көз алдымда калыпыр. Чыгармачыл чөйрөгө кандайча кабылып калдыӊыз?
- Мен филармонияга 1986-жылы келгем. Э. Турсуналиев, А. Айталиев, Т. Абдиев, А. Жумабаев мына улуттун жүздөрү эле. Ушундай улуу таланттар менен чогуу иштешип калганым мен үчүн сыймык. Залкарлардан таалим-тарбия алганыма бактылуумун.
- «Талантты карызга бербейт эч ким колго, талант бул Жараткандан алган олжо» деп Жусуп Баласагындын айтканы бар экен. Талант-бул сиз үчүн…
- Балалык кезден кызыгып, театрдын артисттери койгон концерттерге барып жүргөн кечээки секелек кезим өткөн, кеткен экен…Мени ушул даражага жеткирген устатым жөнүндө айтпасам болбос. КРнын эл артисти Улукмырза агайдан вокалдык билим алгам.
- Жакшы аялдын бактысы мыкты күйөөдө дешет. Залкар Алмаз Сарлыкбековго туз насиби буюруп кандайча баш кошуп калдыӊыз?
- Жеке жашоомдо экинчи мүмкүнчүлүк дейбизби, жакшы адамга жолугуп, ошол бойдон аялзаттык бакыттын даамын татып, агарып-көгөрөйүн деген тилек менен жүрсөм, тагдыр экен, Жараткан Алмазыма туш кылды. Биздин чыгармачыл топ 2001-жылы Суусамырга концерт коюп бардык. Уюштуруучусу-режиссёр Алмаз Сарлыкбеков, ал эми алып баруучусу-актёр Темирлан Сманбеков экен.
Алмаз экөөбүздү официалдуу түрдө тааныштырган Темирлан агай болду. Алмазды ага чейин өңүнөн тааныбасам да, ысымын гана угуп, атактуу инсан деп жүрчүмүн. Ошентип жакындан таанышып калдык. Баарынан кызыгы Алмаздын чоң энесинин аты да Анапия экен. Ал дароо эле маселени кабыргасынан коюп: "Мен да бойдокмун, Анапия, сен да жалгыз бой экенсиң, экөөбүз турмуш отун бирге тутандыралы", -деп калды.
Мен: "Алмаз агай, бир аз убакыт бериңиз, ойлонуп туруп чеччү нерсе экен", -дедим. Ошол биз бирге болгонго чейин ар кандай ушактар жүрдү. Мени Алмазга тең эмес дегендер да болду. Эч кимдин сөзүнө ишенбестен, жалгыз гана жүрөгүмдүн согушун тыңшасам: "Алмаз менен бактылуу боло аласың"-деп туруп алды, ошентип, эки ай өтпөй экөөбүз турмуштун бакыт тартуулаган жолуна бирге аттандык.
- Алмаз агайдын жолун улай турган уулу бар экен…
- Биринчи жубайынан кызы бар экен. Уулдуу болсом экен деп тилеп жүрүп уулдуу болуп, атын Эмир койду. Алмаз абдан баласаак болчу, Эмир кызыл эт болгондон баштап өзү жуундуруп жүрдү. Баласын урмак мындай турсун, үнүн катуу да чыгарчу эмес. Кээде уулумдун атасына окшош жактарын байкап калып, Алмаздын өзүн көргөндөй болом.
- Түн канчалык караӊгы болсо жылдыздар да ошончолук жаркырайт. Дегеним, элге эмгегиӊиз сиӊип калды…
- Алмаз агайыңар менден 13 жаш улуу болчу. Мага акыл-насаатын айтып, чыгармачылыгымды колдоп, көп жардам берди. Мага минтип айтар эле: "Анапия, сен көлөкөдө жүрө бересиң, эч алдыга умтулбайсың, эбак эле КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алышың керек болчу. Элиң сага наамды эрте эле берип койгону менен мамлекет тарабынан да бааланышың керек", -деп мен жөнүндө көп ойлонот эле.
Ошентип, менин чыгармачылыгыма күйүп-бышып жүрүп, "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгини алдырып берген. Биз элге эмгегибиз сиӊгени менен кагаз дагы көп жерде роль ойноп коёт экен. Мына быйылкы жылы чыгармачылыкка бел байлаганыма туп-туура 35 жылдын жүзү болуптур. Кеч болсо дагы, наам алдым...
- Кусалык-бул күтүүнүн сокур үмүтү. Кусалыкты кандайча түшүнөсүз?
- Алмазга болгон кусалыгымдын оту далее да өчө элек. Жаныӊ денеӊден бөлүнмөйүн кусалыктын азабынан кутула албайт өӊдөнөсүӊ. Кол жеткис бакытты Алмазым менен жашап жүргөнүмдө сезип, ал ажайып кооз гүлгө оронгон бакыт кушума жеттим. Жети жыл жашасак да, ал таалайлуу учурлар мага жети күндөй эле сезилип калды. Көрсө, жалаң жакшылык ыроологон жылдарың, кылымга тете бир күнчөлүк болот тура.
Мына эми көзү өткөндө кайрылгыс караанын кайсалактап таппай калдым. Өткөндө Алмаздын эжеси менен сүйлөшүп олтуруп, мен билбеген мыкты сапаттарын ал кайтыш болгондон кийин билип жатпайымбы. Жакын адамымды жоготкондо, мага катуу сокку болду.
Өзүм да абдан жашыкмын, эми-эми өзүмө келе баштадым. Болбосо Алмазым азыр келип калчудай сезилип, аны эшиктен күткөн учурларым да болду. Жалаң гана анын жакшы сапаттары көз-алдымда, кээде тамашалап күлүп калар эле: "Оо, Эмирим мен 70 жашка чыкканда үйлөнөт экен, -деп. Ал тилегине жеткирбей шум ажал колубуздан жулуп кетпедиби. Арман дүйнө…Эң негизгиси, артында туяк калды.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg