www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Улуу Британияда жашоого уруксат алуу үчүн 2006-жылы Лондондун түндүгүндөгү Хайгейт аймагынан сарай алган. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.
Анын айтымында, бул сатып алуу 41 жаштагы Алия Назарбаева Казакстан Республикасынын аймагынан 300 миллион доллар чыгарып кеткенден кийин эң маанилүү болгон. Үй ага 8,75 миллион фунт стерлингге бааланган. Дагы 14 миллион доллар Дубайдан үй сатып алууга жумшалган. Элбашынын кызы да 18 миллион фунтка Bombardier Challenger учагын сатып алган.
The Telegraph жазгандай, бул маалымат Алия Назарбаеванын эки каржы консультанты менен болгон жаңжалынан кийин белгилүү болгон. Ал аларды абийирсиздик, каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу, алдамчылык үчүн кутум түзүү жана фидуциардык милдеттерди бузуу деп айыптаган.
Маалыматка ылайык, 2006-жылы Алия Назарбаева карамагындагы акциялардын бир бөлүгүн сатып, алар үчүн 325 миллион долларга жакын акча алган имиш. Финансылык кеңешчилердин кызматынан пайдаланып, ал Лихтенштейнде фонд ачып, кеңешчилерине 150 миллион долларды ишенип тапшырган. Кийинчерээк Элбашынын кызы консультанттарды келишимдерди бузуп, анын каражатынан ак ниетсиз түрдө кошумча пайда алган деп айыптаган.
Кийинчерээк тараптар 165 миллион фунт стерлинг доосун жашыруун келишим менен чечишти.
Булак: NazarNews.kg