www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев Стамбул шаарынын мэрин Ош шаарында 1997-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Ош жана Стамбул шаарларынын ортосундагы туугандашуу мамилелери жөнүндө Протоколдун пункттарын ишке ашыруунун алкагында Ош шаары менен эки тараптуу туугандык мамилелерди активдүү илгерилетүүгө чакырды.
Муну менен катар Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Стамбулдун мэрине Ош шаарынын мэринин кайрылуусун тапшырды.
Тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, анын ичинде жакынкы аралыкта делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү пикирге келишти.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин башчысы COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ушундан улам, кыргыз тарап эпидемиянын кесепеттерин жоюуга жардам бергендиги үчүн түрк тарапка ыраазычылыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg