www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Евразия интеграциялоо жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы байланыштардын учурдагы абалына токтолуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча ой бөлүштү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров алгач Леонид Калашниковду Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы орус футболчуларынын биринчи турдагы жеңиштери менен куттуктап, оюндун ийгиликтүү жыйынтыкталышын каалады.

Ошондой эле жакында өткөн Россия күнү менен да куттуктаган Мирлан Бакиров: “Биздин тарыхый байланыштарыбыз тыгыз кызматташтыкта өнүгүп келет. Айрыкча, саясий алакалардын алкагындагы парламенттер аралык мамиле жылдан-жылга жакшыруу менен бирге актуалдуу делген орток көйгөйлөрдүн чечилишине өбөлгө болууда. Алсак, ушул жылдын 19-июнунда уюштурулган Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелерге арналган парламенттер аралык комиссиянын кезектеги сегизинчи отурумунда бир топ маселелер көтөрүлүп, пикир алыштык. Мындан ары да ачык диалогдор улана берет деген ишеничтемин”, – деди.

Мындан тышкары миграция маселесине да токтолгон Мирлан Бакиров: “Россиядагы кыргыз жарандарына берилип жаткан жеңилдиктер арбын. Бирок, жеринде каттоо, иш берүүчү тарабынан салык төлөмдөрүн чегерүү, медициналык камсыздандыруу жана пенсия төлөө жаатында көйгөйлөр чечилбей келет. Андыктан, эки өлкөнүн парламенттери жогорудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана ЕАЭБ алкагында жумушчу күчтөрүнүн эркин, мыйзамдуу иш алып баруусуна көмөктөшүүбүз зарыл”,– деп кошумчалады.

Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Калашников Кыргызстан Россиянын маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп: “Алакаларды парламенттик комитеттердин жана эл аралык уюмдардын деңгээлинде да жигердүү улантуудабыз. Айрыкча, акыркы мезгилдери ЖККУ ПАнын алкагындагы тыгыз кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулууда”, – деди.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы бардык маселе ачык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилерин айткан Мамлекеттик Думанын депутаты эки тараптуу парламенттик расмий иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан сырткары, Леонид Калашников Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Евразия интеграциялоо жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитетинин жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин биргелешкен жыйналышын өткөрүү маселесин да көтөрдү.

Жолугушуу соңунда Мирлан Бакиров парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү ишмердүүлүгү үчүн Леонид Калашниковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.  

Белгилей кетсек, Леонид Калашников жакынкы өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин Ысык-Көлдө өтө турган VII Аймактык конференциясына катышуу үчүн келген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости