www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - КТРК көрүүчүлөрүн акысыз адвокат менен камсыз кылат

КТРК көрүүчүлөрүн акысыз адвокат менен камсыз кылат! Бул багыттагы "Акысыз адвокат" көрсөтүүсү сентябрдан баштап эфирге чыгат.

Программа КРнын Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо боюнча борбору менен биргеликте даярдалат.

Бул багыттагы үч тараптуу келишимге бүгүн КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев, КРнын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков кол койду.

Белгилей кетсек, программанын автору - "Замана" студиясынын комментатору Мунара Матиева.

Көрсөтүү КТРКнын "Замана" студиясы тарабынан даярдалып, жумасына бир жолу, кечинде, түз эфирде болот. Тандалып алынган тема боюнча түз байланышка чыгып суроо берген телекөрүүчүлөрдүн арасынан эки-үч жаран тандалып алынып, акысыз адвокат менен камсыз болушат.

Алардын иштери кандайча чечилип жаткандыгы жана жыйынтыктары боюнча ар бир көрсөтүүдө чагылдырылып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости