www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдонун айтканын да, кылганын да кылба

“Боёкчу десе, сакалын кошо боёптур” дегендей, азыркы диндин ашкере фанаттары кулакка жат иштерди жасап жатышканы бул динге көө сүйкөп, динди булгап жаткандан белги берет. Минтип айтып жатканыбызга мектеп мугалиминин айткан кеби себеп болду.

-Мен төртүнчү класстта сабак берем. Бизде динге ашыкча берилген кишинин кызы окуйт. Албетте абдан жакшы окуган кыз. Бирок быйылкы окуу жылдан баштап “орус тилин окубайм” деп, берилген тапшырманы аткарбай, берген суроого жооп бербей жатат” дейт. Буга чейин башка сабактардай эле орус тилин дагы жакшы баада окуучу экен. Атасы ашакере динге берилип кетип “каапырдын тилин окуба” деп талап койгону ачык эле билинип турат.  Бул эми эмне деген жорук. Динде деле айтылат го “илим ал, тил үйрөн” деп. Орус тили эмес, керек болсо башка тилди дагы билип алса, эмнеге болбойт. Сөзсүз эле кыргыз тили менен араб тилин билиш керекпи?

Айтайын дегеним, динди бетке кармап, өспүрүм кыздын келечегине балта чаап жаткан жокпу? Албетте наристеде эч күнөө жок, бирок тайыс ойлонгон атасы менен апасында күнөө болуп жатканын кантип жашырабыз. Дин аалымдары буга кандай жооп беришет болду - экен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости