www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26 жаштагы Айгерим Токбаеванын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматтарга ылайык, күн мурун 14-октябрда ыкчам кызматкерлери тарабынан жаш кыздын өлмүнө шектүүлөр: 31 жаштагы Б.Ж. (аял киши), анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү кылмышы Б.Ж.нын кызганычтан улам жасалган.  Анда аял күйөөсүн Айгеримден кызганып, анын көзүн тазалоо үчүн айдоочусуна жана досуна “буйрутма” берген. 

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз кирип, жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Белгилей кетсек, бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости