www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-декабрда Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев өзүнүн Facebook баракчасында досу Маматкадыр тууралуу билдирүү жазды.

Билдирүүдө ал, досунун каза болгонун бүгүн уккан.

«Маматкадыр

Мындан бир жума мурда эс тартканда тапкан досум Маматкадыр байланышка чыкты. Жакшылык – жамандыкта жанымда болуп кошо тарткан кан досум. Зээндүү жан болгондуктан үнүмдөн байкап шыр эле абалымды дыккаттык менен сурап кирди.

Ден-соолугума байланыштуу тумоолоп калганымды айттым. “Сен мен үчүн эң жакын досумсуң! Сен ооруба досум, мекенге келериңди билем. Быйыл тоо аралап тоонун гүлдөрүн топтодум, сен келсең биздин ак ниет, таза аруу балалыгыбыз өткөн "Орто Азияда" жолугушабыз буюрса” - деп тамаша чынын аралаштырып бир сааттай сүйлөштүк.

Бүгүн минтип суук кабарды угуп кабыргам кайышып отурам. Жаткан жериң жайлуу топурагың торко болсун! Жараткан ырайымына алып, мээримине бөлөсүн!Маматкадыр досумдун өмүрлүк жарына, балдарына, жакындарына сабыр тилеймин», - деп жазган ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости