www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Кожомкул атындагы спорт сарайында бир аз өзгөрүү болду. Эмнеге дейсизби? Так секирип ырдап жүргөн сахнада саясатчылар олтуруп, саясый талкуу кылышты...

Эми элирбестен борбордо көптөн күткөн курултайдан кыска-нуска кеп козгойлук.

Саат 10:00 до боло турга Курултай, араң барып саат 11 лерге таяп, Курултайдын ачылышы КРнын гимни менен башталып, алгач атактуу саясатчы, революциянын атаманы Азимбек Бекназаров сөз сүйлөдү. Курултайдын күн тартибинде курултайдын макамын Баш мыйзамга киргизүү жана биометрикалык паспорттордо “улуту кыргыз” деген графаны калыбына келтирүү боюнча эки маселе коюлду.

-Биз кыргыз эл экенибизди сезсек, кыргыз мамлекет экенибизди сезсек жан дүйнөбүздү ойготушубуз керек. Мына эки жолу саясый революция кылдык. Бирок жан дүйнөбүздүн революциясын кылдыкпы. Мамлекет качан сакталат, улут болгондо сакталат. Тилекке каршы биз мамлекетибиздин кожоюну боло албай жатабыз - деди Азимбек мырза.

Андан аркы сөздү Азимбек мырза, Роза Отунбаевага берди. Отунбаеванын оюнда Курултай өтө маанилүү экен. Эл менен бийликтин ортосунда ажырым, бийликтин кенебестигин жана башка маселесин Курултай чечет деп ойлойт.

- Кыргызстанда 300 миңге жакын бюджетте иштеген адамдар бар экен. Алардын ичинде мамлекетке иштеп жаткан адамдар 17 миңин түзсө, анын 215и саясий, жогорку деңгээлдеги ишкерлер. Бюджетте иштегендер Кыргызстандын калкынын 6% түзөт. Биз коррупциядан арылабыз, аларды элдин алдында отчет бере тургандай шарт түзөбүз деп, бул эң чоң баш ооруткан маселе болууда. Ушуну кантип чече албайбыз? Биз да убагында жөн отурган жокпуз.Биз тынымсыз иштеп, изденип жатабыз. 2010-жылдан баштап коомдук көзөмөл түзгөнбүз. Бизде бийлик болсо шаркыраган суудай алмаштырылып жатат. Мурунку министр менен азыркы министрдин асман менен жердей айрымасы бар. Министрлер тоготпойт. Кадрларын өздөрү чечет, - деди өзү эле убагында бир нерсени кыйраткан таризде Роза Отунбаева.

Курултайда сөз сүйлөгөн, Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал, жазуучу, драматург Мар Байжиев:

-Жакында бир басылма мени, карыганда какчаңдабай жөн олтурбайбы деп жазыптыр. Кечирип койгула жөн эле жатсак, акыл айтчу аксакалдар жок барсыңарбы, жоксуңарбы деп айтышат. Ушул жыйналышка бир айда 3 жолу катыштым. Куру сөз болуп жатат. Ачыгын айтыш керек. Курултай боюнча мен колдоймун. Чындыгында жыл сайын президент келип элге отчет берүү керек. – деди.

Курултайга келген эски жүздөр, жаңы көздөргө күбө болдук. Адамдын саны 500дөн ашык болду. Чыгып сүйлөгөндөрдүн арасында аймактардан келген делегаттар бийликке болгон нараазычылыгын какшаса, төр тарап, бийлик курултайчылар менен эсептешиши керек дегендей кылышты. Айрымдары атырылып, “сүйлөйбүз эле сүйлөйбүз” дегендерди, алдын-ала бир нерсени сездиби айтылуу Азикебиз акырын четке кагып койду.  Ал эми, сөз сүйлөгөндөрдүн катарын Турсунбек Акун, Жылдызкан Жолдошева, Медеткан Шеримкулов, Чолпонбай Абыкеев, Кадыр Кошалиев жана башкалар толуктады.

Ааа баса, Курултайга келишкен коноктордун ар биринин колуна, “Жаратман эл”, “Майдан.кж” жана “Республика” гезиттери таратылып берилди. Анан эле аталган гезиттердин арасына “Элдик курултай – руханий тазалануу” деген гезит кошулуп калган. Сырткы түзүлүшү Курултайчыларды колдогону менен ички барактарда азыркы оппозициянын ашмалтайын чыгарган сын-пикир жазылган гезит элге тарап кеткен. Эң кызыгы, гезитте “буюртмачы” деген атайын шилтеме дагы жазылган эмес.  

Бул көрүнүш менен азырынча курултайчыларбы же бийликчилерби, кимиси-кимисин туздады, бир нерсе деп айтыш эрте. Бирок, бул көрүнүштү ак сакалдуу алыстан келген карыялар, “иттик кылыптыр балам, бийлик ушунча баланы камап саясый куугунтук кылганы аз келгенсип, эми дагы каралаганга өттүбү, мындай маңкурттуктун чеги болуш керек эле. Мунун арты кандай болоор экен” деп кол жаңсады. Бирок бул сапар, оор басырыктуу, анча-мынчаны кенебеген, айкөл Азимбек Бекназаровдун ачуусу мурунун учунда турганын байкалды...  Ошентип, 3 саатка созулган курултай дагы аягына чыгып артка кайттык.

Төмөндө Курултайдагы кабыл алынган күн тартибиндеги маселелерге көз жүгүртүп коюңуздар.

1) Элдик Курултай институтун КРнын Конституциясына көзөмөлдөөчү жана багыт берүүчү ыйгарым укугу менен киргизүү; 2)Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү паспортунда улутун ачык, так жазуу маселелери талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө саясий куугунтуктар, жер-суу байлыктары, люстрация, корруппция, ж.б социалдык маселелер да көтөрүлдү. Улуттук Курултай төмөнкүдөй маанидеги ЧЕЧИМ кабыл алды.

Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрүнүн биримдигинин (КУМКБ) 2017- жылдын 28-апрелинде өткөн Уюмдашуу жыйынында түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин демилгеси жана коомчулуктун колдоосу менен, КРнын Баш мыйзамынын 52-беренесине жана элибиздин тарыхый салтына таянып 2017-жылдын 23-майында Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлгөн Республикалык Улуттук 1- Курултайдайдын делегаттары жана чакырылган коноктор күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, баяндамада жана жарыш сөздөрдө айтылган ой-сунуштарды эске алуу менен

Чечим кылат: 1. КУМКБнын Туруктуу Элдик Кеңеши тарабынын даярдалган элдик курултай институтун мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү, өзүн-өзү башкарган көз карандысыз өлкөдөгү эң жогорку саясий коомдук уюм катары КР конституциясынын экинчи беренесинин экинчи пунктуна киргизүү жана 52-беренеге өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору жактырылсын жана ал 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткаруу үчүн дагы бир жолу КРнын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 2. КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 Токтому менен киргизилип жаткан жаңы паспорттун үлгүсү, түпкүлүгүндө кыргыз улутунун улут катары өнүгүшүнө каршы жана КРнын конституциясынын 20-беренесинин 2, 3 жана 5 пунктарында, 32-беренеде бекитилип, мыйзамдар жана башка укуктук-ченемдик актылар менен чектелбей турган адам укуктары экендигине карабай, КРнын Өкмөтү тарабынан бузулгандыгы үчүн КРнын Өкмөтүнүн бул Токтомун тез арада жокко чыгаруу Жогорку Кеңештен талап кылынсын. 3. Эгерде Жогорку Кеңеш ушул Курултайдын чечиминин 1 жана 2 пунктарындагы чечимдерди 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткарбаса анда КУМКБга Конституция жана мыйзамдарда бекитилген укуктардын негизинде Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабы жана башка акциялар башталсын. 4. Республикалык улуттук курултай КР Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө бул улут тагдырына тиешелүү 2 маселени ыйык Орозо айы ичи дагы бир жолу терең изилдеп, туура чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет. Эгерде бул талаптар 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткарылбаса, Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ өзүн расмий түрдө азыркы бийликке оппозициялык күч катары жарыялайт. 5. Республикалык Улуттук Курултайдын ушул чечимдерин турмушка ашыруу КУМКБ түзгөн Туруктуу Элдик Кеңешке жүктөлүп, ага бийлик жана башка саясий күчтөр менен сүйлөшүү, КРнын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбеген иш-аракеттерди, акцияларды уюштуруу укугу берилсин. Республикалык Улуттук Курултайдын бул чечими 2017-жылы 23-майда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлүп, Республиканын баардык региондорунан шайланып келишкен делегаттар жана чакырылган коноктор тарабынан кабыл алынды.

Бишкек шаары,Кожомкул атындагы спорт ордосу, 23-май,2017-жыл,

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости