www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бул жолку уюштурулушу анын бир нече тепкичке жогору көтөрүлгөнүн көрсөтүүдө. Дүйнөгө белгилүү Режеп Тайип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев, венгр премьери Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун катышып жатканын айтууга болот.

Буга чейинки Оюндарда Алмазбек Атамбаевдин жанынан татар президенти Р.Миннихановду кошпогондо, актер Стивен Сигал менен “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллерди гана көрүүгө болот эле.

Бул жолку Көчмөндөр оюндарынын уюштурулушу анын жаңы деңгээлге чыкканын – иш-чаранын стратегиясы бизнес кызыкчылыктан мамлекеттик саясатка карай бурулганын көрсөттү. Мында Сооронбай Жээнбековдун орду мурунку президентке караганда салыштыргыс жогору тураары талашсыз.

Так ушул таптардагы Кырчын жайлоосундагы Көчмөндөр оюнунун жүрүшүндөгү сүрөттөр менен тааныштырабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости