www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр жашоо-күзгүсү

Бүгүнкү каарманыбыз бардык жанрда ар кандай аялдардын образын жеткиликтүү ойноп ɵзүн сынап кɵргɵн экен. Туз насиби театрда буюрганын жашырбай келет. Сахна корифейлердин арасында жүргɵнүн сыймык менен эскерип олтурду.

- Искусство курмандыкты талап кылат дешет. Сиздин оюӊузду уксак…

- Туура. Искусствону ɵзүӊдүн жан-дүйнɵӊ менен сүйсɵӊ курмандыкты талап кылышы толук ыктымал.

- Чыныгы чыгармачылыктын кулу бул дүйнɵгɵ кокусунан келбейт экен…

- Чыныгы чыгармачыл адамдардын баарын чыгармачылыктын кулу деп эсептейм. Театрда кызмат ɵтɵп келе жатканыма мына быйыл 41 жылдын жүзү болду. Тетардын тузу ɵтɵ оор. Театрдагы жашоого сүӊгүп кирген соӊ, кайра алысташ түк оюӊда жок болот. 61 жаш курагымда артка кылчайсам, чыгармачылыкка кокусунан келбегенимди бир билем.

- Актрисанын кыялындагы ролу болот эмеспи…

- Ар бир актрисанын кыялындагы ролу болот. Бир эле эмес кɵп ролдорду аткарууну самаган элем. Оӊолкан каармандын ролун ойносом жакшы болмок деп келдим. Кыялымдагы айрым ролдорду аткарганым менен бактылуумун, дагы да бир нече кыялдагы роль жашап келет.

Бул кесипти тандаганыма ɵкүнбɵймүн. Ɵзүмдү башка кесипте дагы такыр элестете албайм. Элүүдɵн кийин эӊкейиш деп коёт го, ушул тапта улгангай ролдорду жаратып клем. Кандай роль болсо ийинине жеткиргенге аракет кыламын.

- Жан-дүйнɵнүн боштугун кантип толтурасыз?

- Бул жашоодо жан-дүйнɵӊ бош болуп турса, жашоонун деле кызыкчылыгы жоктой сезилет. Мен ошол боштукка кабылып калсам, ичимдеги бугумду поэзия дүйнɵсүн укканга шашамын. Кызыктуу романдарды окуймун.

- Чарчооӊузду кантип алдайсыз?

- Чарчоону алдаганга такыр болбойт го. Адамдын табиятына каршы иш жасоо бул кыянатчылык деп эсептейм. Ошондуктан эгер менин денем чарчап, алсырап турган болсо, анан Жараткандын дарысы уйкуну бергенге шашам.

- Бул кесипти тандоодо аялзаты үчүн ɵтɵ кыйын дешет…

- Албетте! Аялзаты үчүн аялзатына актрисалык кесип оор. Ойлоп кɵрсɵм ошол мезгилде эле жыргалчылыкта жашаган турбйбызбы. Майрамдарда открыткага сɵсүз коммунизмди куруучу жаштардан бол деп жазчубуз.

Кɵрсɵ, ошол коммунизм биз жашаган доордо эле болуп ɵткөн. Ар бир айылда бирден клуб болоор эле. Дем алыш сайын индия кинолорун кɵрсɵтүшчү. Бир күнү театрдын артисттери келет деп калышты. Нарын театрынын залкарлары келип спектакль, андан соӊ концерт коюшса, менин актрисалык жолду тандашыма мына ошол залкарлар себепкер болушкан.

Тагдырдын тамашасы дейбизби, айтор, ошол залкарлар менен аралашып иштеп калышым бул дагы Кудайдын буйругунан болду.  Кудайыма миң мертебе шүгүр келтиремин. Жашоодо дагы, сахнада дагы ɵзүӊдү кадыр-баркыӊ менен алып жүрсɵӊ мына ошол нерседен ɵтɵрү жок.

- Арттагы ийгиликтерди кɵрбɵй туруп алдыга кадам жасай албайт экенбиз…

- Мен буга кошулам. Арттагы ийгиликтерди жаратып, кайрадан жаӊы максаттарга умтулуусу керек го адам пенде. Нечендеген залкарларыбыз кɵзү ɵтсɵ дагы, алар артынан из калтырып кетишти, атан тɵɵ кɵтɵргүс эмгек жаратып кете беришти. Дүйнɵ тааныган жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларын эли унутпас.

- Азыркы наамдардын баркы кетти дешет. Сиздин кɵз-карашыӊызды дагы билсек…

- Бул наамдар боюнча Кыргызстанда эӊ кɵйгɵйлүү маселе. Театрда иштеп калганыма 41 жылдын жүзү болду. 15-16 жылдан бери министрликке тиешелүү документтерим кеткен. Алмаз Сарлыкбеков ɵзү кол коюп кетирген.

Мына башка канчалаган залкарларыбыз наам албай кɵзү ɵтүп кетишти. Ичимди аӊтар-теӊтер кылган суроо. Эл мага эл артисттигин берип коюшкан.

Динара Асылбекова 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости