www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев башаламандык учурунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) бир катар жетекчилери качып кеткенин билдирди.

Мамлекет башчы башка органдар өз ишин берилүү менен так аткарганын белгилеп, бирок УККнын кызматкерлери жаза басканын айтты.

"Оор күндөр артта калды. Мен ИИМдин эрдик көрсөткөн каармандарын белгилегим келет. Мисалы, Алматыда полициянын аз гана тобу эки түн бою Полиция депаратаментин басып алууга аракет кылган бандиттердин мизин кайтарып турду.

Кырдаал курчуган маалда Коргонуу министрлигинин жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жоокерлери өз ишин татыктуу аткарышты. Бирок баары эле милдеттерин кынтыксыз аткара алган жок. Бир катар шаарларда Улуттук коопсуздук комитетинин департаменттеринин жетекчилери жетиштүү согуштук арсеналы бар экенине карабай кагылышууга каршы турган жок. Имараттарды таштай качып, куралдарды жана жашыруун документтерди кароосуз калтырып кетишкен", — деди Токаев.

Ошондой эле ал мамлекеттин бүтүндүгүнө бүлүк салууга камынып жаткан топторду ооздуктабай койгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости