www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина кызматкерлеринин айлыгын 1 000 долларга жеткирүүнү убадалады.

Ал Sputnik агенттигинин журналистине комментарий берип жатып, айлык эгер аны жумуштан алып салышпаса эле көтөрүлөрүн, себеби баштаган реформасын соңуна чыгарууга убакыт керектигин айтты.

Бейшеналиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айында медиктердин айлыгын 50 жана 100 пайызга көтөрүү пландалып жатат. Өткөн жылы маянанын базалык бөлүгү 100 пайызга өскөн. Кошумча төлөмдөрдү кошкондо учурда медиктер 17-20 миң сомдон алышууда. Ал эми апрелден тарта дарыгерлер 25-30 миң сомдон аларын министр белгиледи.

"Мындан ары дагы баары жакшы болсо үстүбүздөгү жылдын октябрь айында же келерки жылдын апрелинде медиктер орто эсеп боюнча 40-50 миң сомдон алышат. Мен шеф менен (президент — ред.) айлыкты жыл сайын көтөрөбүз деп сүйлөштүм", — деди Бейшеналиев.

Министрдин айтымында, айлыкты көтөрүүгө кеткен каражат эки булактан бөлүнүп жатат — бюджет жана саламаттык сактоо мекемелерин оптимизациялоо жана реформалоодон түшкөн акча.

"Менин пландарым көп. Эгер калк мени колдогондо айлыкты бир жылда эле көтөрүп коймокмун. Кээ бир мекемелерде үч жылда бир бейтап кабыл алынса деле 100 кишиге айлык төлөнүп келет. Мени анча жакшы көрүшпөйт, себеби мунун баарын реформалоону көздөп жатам", — деди министр.

Ал ошондой эле реформанын жүрүшүнө жараша медиктердин айлыгы акырындык менен көтөрүлө берерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости