www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Ялова шаарында сойкулукка бөгөт коюу боюнча масштабдуу операция өткөрүлдү.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, операция учурунда Кыргызстандан жана Өзбекстандан барган 10 аял жана 14 эркек кармалган. Күч кызматкерлеринин айтымында, алардын төртөө мамлекеттик кызматкерлер.

Полиция сойкукананы эки ай бою көзөмөлдөгөн. Сойкулар чакырылган даректерге барып эле эмес, мектеп автобустарында да кызмат көрсөткөнү белгилүү болгон.

Мындан тышкары, 19 жаштагы кыргызстандык кыз боюнан алдырганы, бирок кайра эле сойкулук менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда:

- тапанча;

- 6 ок;

- жарым автоматтык мылтык;

- 12 калибрдеги 7 ок;

- документтер;

- жана башка кылмыштуу жол менен алынган буюмдар табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости