www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чакан ГЭС» ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» суу сактагычын куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алат. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Бала-Саруу» суу сактагыч куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгат. Аталган гидроэлектр станциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну коё берүүсүнө ылайык жөнгө салынат.
Ири гидроэнергетикалык объектилер менен катар чакан гидроэнергетиканы бирдей өнүктүрүү республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана кургакчыл мезгилде кошумча электр энергиясын өндүрүү менен генерациянын негизги булагы болгон Токтогул суу сактагычына көмөкчү болуп берет.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.
Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Жол картасына ылайык, долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда.
Булак: NazarNews.kg