www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 5- июлунда, биринчи Бишкек эл аралык юридикалык форум өз ишин баштады. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын , сот тутумунун, адвокаттар, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, корпоративдик юристтер жана укук жаатындагы эксперттер катышышты.
Форумда сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева мамлекеттик бийликтин институттары, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн өз ара кызматташтыгы жана байланышы илимий- изилдөөлөр жана пратикалык тажрыйба менен алмашууга жардам берип, укук институтунун өнүгүшүнө салым кошо тургандыгына ишеним жасады.
А. Токбаеванын айтымында, өлкөнүн укук маданиятын түптөөдө юридикалык коомчулуктун мааниси чоң жана ал коомдук-саясий жашоого өзүнүн таасирин берет.
Төрайым белгилегендей, Кыргыз Республикасында сот укуктук реформасы уланып жатат. Анын алкагында сот иштерин жүргүзүү жана сот өндүрүшүндөгү маселелерди, ошондой эле судьялардын социалдык статусун жөнгө сала турган соттордун ишмердүүлүгүнүн мыйзамдык негизин түзүү боюнча, алардын көз карандысыздык кепилдигин бекемдөө, сот тутумунун ачык-айкындуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ал эми сот тутмунун мындан ары иш алып баруучуна негизги багыт берген “ Кыргыз Республикасынын сот тутумун мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары 2018-2022-жылдарга эсептелген “ Кыргыз Республикасында сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программада бекитилип, ал учурда каралып жатат,” - деп билдирди А. Токбаева.
Аталган форум юриспруденция чөйрөсүндө маанилүү ишкердик жолугушуу болуп, ал “ Кыргызстан юристтер” бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат. Эки күнгө созулган иш чаранын алкагында, анын катышуучулары сот адилеттигине жетишүү, юридикалык кесип, корпоративдик укук жана юриспруденцияда маалыматтык технологияларды, укуктарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы новеллаларды колдонуу маселелери талкууга алынат.
Булак: NazarNews.kg