www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда өрттөлгөн турак үй мамлекет тарабынан курулуп, Мажитовдордун үй-бүлөсүнө тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов Мажитовдордун үй-бүлөсүнө өздүгүн тастыктаган жана башка тийиштүү документтерин тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, үй-бүлөнүн, үй менен кошо өрттөлүп кеткен документтерин калыбына келтирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкан. Орун алган чырдын кесепетинен кыргыз жаранынын үйү толугу менен өрттөлгөн. Үйдүн курулушуна мамлекет каражат бөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости