www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК ККК тарабынан отун-энергетикалык тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу багытындагы иш аракеттердин жүрүшүндө «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү “У.Р.” кармалды.

Такталган боюнча У.Р. жогорудагы акча каражатын 2020-2021- жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча катталды. Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости