www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы баракчасына окшош баракчадан "Коррупциялык иштерге аралашкан жарандарды кеңешчи кылганы үчүн өкмөт башчыны камакка алам" деген билдирүүнүн сүрөтү тарап кеткен болчу. Көп өтпөй Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал билдирүүнүн фейк экенин маалымдаган. Ал эми өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өзүнүн бул боюнча ою кандай? Бул суроого ал түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Регион.ТВ каналына жооп берди.

"Акыркы 10-12 жылдан бери интернет колдонуучу катары айрым учурда мен деле кирип кетем, кээ бирөөнүн баракчасына, жакшылап карап отурсаң кирсең болот, кирип алып жазып койсоң да болот. Менин деле аккаунтума кирип жазып коюшу мүмкүн. Мисалы жазып коюп кайра чыгып кетиши мүмкүн. Камчыбек Кыдыршаевичтин деле аккаунтуна кирип туруп ошентип жазып 15 мүнөттөн кийин кайра чыгып кетиптир. Аны кайсы аккаунттан кирип жазганын деле билсе болот. Менин аны издегенге убактым жок, ошол үчүн аны тапкан жокмун. Мен ал билдирүүнү көрүп күлүп койдум, түшүндүм дароо "а, хакерлер аккаунтка кирип кетсе керек" деп. Эртеси Камчыбек Кыдыршаевич келди, отуруп карасак 15 мүнөткө хакер кирип, чыгып кеткен экен.

Андайларга көп көңүл бурбайбыз, биздин мамилебиз жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып, бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерсе өттү, 15 жылдык тааныштык, үй-бүлөлүк катыштыгыбыз бар, биз андайларга моюн бербейбиз", - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости