www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин отуруму болуп өттү.

Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин президиумдарынын курамына көрүнүктүү авторлор, композиторлор, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын, фонограмма чыгаруучулардын өкүлдөрү жана Кыргазпатенттин кызматкерлери кирген.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргызпатенттин адистери 2017-жылы автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндө аткарган иштери жөнүндө маалымат берди. Отчеттук мезгил ичинде 9 133 468 сом автордук сый акы чогултулду, автордук жана чектеш укуктар объектилерин колдонуучулар менен 286 лицензиялык келишим түзүлдү,  дебитордук бересе 11,6 % төмөндөтүлдү.

Ошону менен бирге ээлери сурап албаган автордук сый акылар жөнүндө Кыргызпатенттин маалыматы угулду. Бүгүнкү күндө үч жылдык мөөнөтү өткөн ээлери сурап албаган автордук сый акылардын көлөмү 646 793 сомду түзөт.

Бюджеттик кодекс жана Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду республикалык бюджеттен каржыланууга өткөндүгүнө байланыштуу, буга чейин автордук сый акыларды бөлүштүрүү боюнча регламенттин негизинде иш жүзүнө ашырылып келген, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна чогултулган автордук сый акылардын суммасынан 10 % өлчөмүндөгү чегерүлүүлөрдү токтотуу жөнүндө маселе отурумда каралды.

Талкуулоонун жыйынтыгында Авторлор кеңешинин жана Чектеш укуктар ээлеринин кеңешинин мүчөлөрү 2017-жылдагы автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү Кыргызпатенттин отчетун бир добуштан жактырды; авторлор үчүн бөлүштүрүлүүчү суммаларга ээлери сурап албаган сумманы кошууну чечишти; Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондуна аталган 10 % кармап калууну жокко чыгарышты.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Сейит Жетимишев мекеменин жалпы алып барган ишмердүүлүгү үчүн Кыргызпатентке өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришти. Алар жакынкы арада бул жаатта толгоосу жеткен маселелерди талкуулай турган масштабдуу жолугушууда жаштар жана бийлик өкүлдөрү менен чыгармачыл интеллигенция жолукса деген үмүтүн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Саламат Садыкова авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча мекемеге жүктөлгөн функцияларды профессионалдуу, ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ырахматын айтты.  

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин билдирүүсү боюнча КТРК жыл башынан тартып эфирдеги көрсөтүүлөрдүн автоматтык мониторинг системасын киргизүүсү менен көп жылдар бою авторлор көтөрүп келе жаткан маселелер чечилмек болду. Бул эң жакшы көрүнүш жана КТРК бул демилгеси менен санариптик системанын жемишин колдонуп жатат деп белгиледи ал.

Айта кетчүү нерсе, буга чейин кошумчаланган нарк салымы чогултулган автордук сый акынын суммасынан кармап калынчу, Кыргызпатенттин мамлекеттик бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу кошумчаланган нарк салымы кармалбайт. Ушуга байланыштуу автордук сый акы 14 % көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости