www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Эл аралык университетинин магистратуранын биринчи агымынын бүтүрүүчүсү болгон. Бул тууралуу аталган окуу жайдын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазив “Жогорку математика жана бизнес” деп аталган магистратуранын күндүзгү бөлүмүндө “Банк иши” адистиги боюнча 1995-жылы окууга кирип, 1997-жылы аяктаган.

“Магистратурада окуган студенттер кечинде, ал эми бакалавриатта окугандар күндүз билим алышчу. Университеттин архивинде билим алганы үчүн контракт төлөгөндүгү жөнүндө бухгалтердик документтер, ошондой эле студент Мухаммедкалый Абылгазиевдин магистратуранын экинчи курсуна которулушу жөнүндө буйрук жана рапорт бар. Ошондой эле магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ да камтылган” – деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, 1995-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинде студенттерди эки деңгээл менен даярдаган Болон системасы иштей баштаган.

Фото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратуры

Фото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратуры

Эске сала кетсек, АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов Facebook социалдык баракчасына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге байланыштуу пост жазып чыккан.

Анда ал, “Премьер-министр Абылгазиевдин өмүр баянын окусам, ал мени менен бир курста окуган экен, бирок ал биз менен окуган эмес, дипломду кантип алган?” деп таң калган.

Андан кийин Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Айбек Хакимовдун маалыматын төгүндөп, Хакимов менен Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университетин бир убакта аяктаганын, бирок, премьер-министр магистратурада, ал эми Хакимов бакалаврда окуганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости