www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жолу ал мартта Согди облусуна барып, Нооруз майрамына катышкан. Тажикстан бийлиги коронавирус жуктурган учур катталганын 30-апрелде гана жарыялаган.

Расмий маалыматка караганда, президент Хатлон облусунун Жайхун районуна барды. Ал жакта Рахмон эл менен жолугуп, агротехникалардын абалы жана буудай түшүмүнүн жыйналышы менен таанышты.

Иш сапардын алкагында президент Жайхун райондук ооруканасына да барды.

Рахмон барган Хатлон облусунда коронавирус инфекциясын жүздөгөн киши жуктуруп алганы кабарланган. Өлкөдө бул илдетке кабылган жарандар бекер дарыланары айтылууда. Бирок соцтармак колдонуучулары дарылануу үчүн 5 миң доллар талап кылган учурлар катталып жатканын билдиришүүдө.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги кабарлагандай, вирус жуктургандардын жалпы саны 3563 кишиге жетти. 1674 адам айыгып, 47си көз жумду.

Бул арада “элдик тизмеде” коронавирус жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны 354кө жеткени айтылат. Тизме ЖМКларда, социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүлөргө жана маркумдардын туугандары берген маалыматтарга негизделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости