www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиялык бай киши өзүнүн айылындагы бардык тургундарды карантин жарыяланган эки айдан бери бекер багып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Англиянын Оксфордшир графтыгындагы Денчуорт айылында паб (сыра саткан, арзан тамактанууга мүмкүн болгон жай) иштеткен бай киши айылдагы болгон 170 жашоочуну балык жана фри картошкасынан даярдалган тамак менен эки ай бою багып келет. Ал жумушчулары аркылуу карантин жарыяланган эки айдан бери айылдаштарына бекер тамак жөнөтүп турган.

Учурда өздүгүн коомчулуктан жашырган жеке ишкер айыл тургундарга жаңы сынак жарыялады. Анын талабы боюнча, жашоочулар эки ай ичинде учурдагы салмагынан 10 пайызга арыкташы керек. Ошондо ал сынактан өткөн ар бир жаранга 100 фунт стерлинг (болжолдуу 9 миң 74 сом) берерин билдирген. Ал үчүн сынакка катышкан адам таразага туруп, салмагынын көрсөткүчү менен өзүн кошо сүрөткө тартып, ишкерге тамак ташыгандар аркылуу жөнөтүшү керек. Эки айдан соң кайра ошол калыптагы арыктаганын далилдеген сүрөттү жөнөтүүсү кажет. Пабдын жетекчиси өзү да таймашка катышары айтылат. Анан да жашоочуларга буга чейинки берип жүргөн тамактарын дагы деле уланта бермекчи.

Өзүн анонимдүү калтыргысы келген адамды журналисттер иликтеп, чынында эле аталган айылда бай адам жашарын билишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости