www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто палас жууп жаткан кызды унаа сүзүп кетти

Ноокат районунда үйүнүн алдында палас жууп жаткан кызды унаасы менен сүзүп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

24-май күнү кечки саат 20:00 чамасында Алашан айылынын 1997-жылы туулган тургуну Э.Ш. үйүнүн алдында (көчөдө) палас жууп жаткан убакта артынан белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен Э.Ш. денесинен жеңил жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми айдоочу Ноокат РИИБдин кызматкерлери тарабынан 27-май күнү кармалды. Айдоочу 1988-жылы туулган М.Т. экени аныкталып, «Тойота Карина» унаасы айып короого киргизилген.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости