www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде комитеттер аралык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрага Абибилла ажы Кадырбердиевдин жетекчилиги астында бүгүн Аалымдар Кеңешинин ичиндеги комитеттер аралык жыйын болуп, 2021-2026-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепсиясынын долбоору талкууланган.

"Дин аалымдары концепсиянын долбоорун кылдат окуган соң, бир нече багыттар боюнча сунуштарды даярдоо боюнча чечим кабыл алышты. Сунуштар жакынкы күндөрдө Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу түрүндө билдирмекчи", - дешти мекемеден.

Эске салсак, аталган концепсия 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыгып, экинчи беш жылдык баскычына өтүү астында турат. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости