www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бир катар медиа мекемелери жана медиа ишмерлери бириккен кайрылуу таратып, журналисттер менен интернет активисттерди куугунтуктаган жосундарга байланыштуу кабатырлануусун билдирди. Медиа коомчулук «мындай иш-аракеттер өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократиянын өзөгүнө доо кетире турганы» белгиленет.

Кайрылууда соӊку бир жыл ичинде Кыргызстандагы журналисттерге, юристтерге жана укук коргоочуларга жапырт уюштурулган зордукчул онлайн опузалар күчөгөнү айтылат. Анын ичинде өзгөчө айым журналисттер саясий жана бийлик түзүмдөрү жалдаган троллдордун жаалаган онлайн баскынчылыгына кабылып жатканы көрсөтүлөт.

«Кыргызстанда 2019-жылы журналисттер бажыкананын ишмердигин иликтегендиги үчүн онлайн чабуулдарга кабылган. Быйыл сентябрда мындай чабуул парламенттик шайлоону утурлай партиялар жана алардын лидерлери жөнүндөгү сын материалдарга байланыштуу уланды. Азыр болсо кыргыз журналисттерине Интернеттен куугунтук ого бетер катуулап, кеӊири жүрүүдө, уруп-сабайбыз, кол салабыз деп опузалагандар көбөйдү. Бул ирет журналисттер опузачылардын жаалап киришине Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы же Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорунун бузулушу жөнүндө коомго кабарлаганы үчүн кабылып жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы үчүн куугунтукка тушуккандардын катарында журналисттер Канышай Мамыркулова, Айзада Касмалиева, Назира Айтбекова, президенттикке талапкерлигин жылдырган Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана башкалардын аты-жөнү келтирилген.

Медиа коомчулук айрым саясий ишмерлер журналисттердин Интернетте кысымга алынышына шыкакчы болуп жатканын да белгилеп, саясий лидерлерди өз тарапкерлерин тыюуга чакырат. Ошондой эле укук коргоо органдарын журналисттерге карата жасалып жаткан кол салуулар менен байланышкан иштерди ыкчам териштирүүгө үндөйт.

Кайрылууга «Медиа Полиси Институту», «Журналисттик иликтөөлөр фонду», «Медиа өнүктүрүү борбору», «Журналисттердин көз карандысыз шериктештиги», «Журналисттер» коомдук уюм-бирикмелери, «Апрель» жана «Т-Медиа» телеканалы, «Кактус Медиа» басылмасы, «Интерньюс-Нетуорк» өкүлчүлүгү, «ПолитКлиника» гезити, «ГовориТВ» жана башка медиа мекемелердин өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттер кол коюшкан.

Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирген. Ал ушул эле күнү мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бектур Асановду «адамдардын эмоциясы менен ойнобоого» чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости