www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган иш-чара Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт.
"Быйыл экипаждарды тандоо жана окутуу 20 636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында жүргүзүлдү. Катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилет. Мелдеште эң татаал жолдорду басып өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 27-июлда, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги астында мелдешке жөнөтүлө турчу курама команданын саптык кароосу болгон.
Танк биатлону — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алган.
Булак: NazarNews.kg