www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга “мисс” деген наам менен таанылган кыздардын бири Бегимай Карыбекова менен Милан Жанибекова тууралуу акыркы күндөрү шыбырт тарады. Алгач эки “мисстин” кыскача өмүр баянына токтололу.
Бегимай Карыбекова Нарын облусу, Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 1998-жылы, 3-сентябрда төрөлгөн. Бишкекте ЖОЖдордун биринде окуйт. 2017-жылы ызы-чуу менен сулуулар сынагын жеңүүчүсү болгон. Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү катары эмес, суроолорго жооп бере албай шылдың болгону менен элдин эсинде калган.
Экинчи сулуу Милан Жаныбекова, Бишкекте туулган. "Бишкек сулуусу-2015", "Кыргызстан сулуусу-2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү.
Так ушул сулуулар, өздөрүнүн социалдык тармактарына кыргыз элин ооз ачырган көрүнүшкө дуушар кылды. Алсак, Бегимай Карыбекова өзүнүн Фейсбук баракчасына “В отношениях с Milan Zhani”, деп Милан Жанибекова “В отношениях с Бегимай Карыбековой”, деп жазып экөө өбүшүп турган сүрөттөрүн жүктөгөн.
Мындай кыргыздын салтына туура келбеген эки сулуунун кадамын көргөндөрдүн айрымдары таң калса, айрымдары Батыштын жолун жолдогон кыздарга тыю салуу керек экендигин айтат. Баса, Кыргызстанда Замира Акбагышева жетектеген аялдар конгресси деген бар эле, кылган ишинин дайыны жок эле сереңдеп ар кайсы жерден көрүнө калат. Бурулайдын өлүмү тууралуу үн катаар бекен деп күттүк. Тилекке каршы коом кылкылдап турганда бир жолу “кыңк” этип койбогон Замира айымдын кимге кереги бар? Жок дегенде ушул “в отношенияхдарды” “койгула, бул кылганыңар уят, кыргыздын салтына туура келбейт”, деп тыйып коёр.
Булак: NazarNews.kg