www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз темир жолуна» «Алтайвагон» ААКсынан 10 жүк ташуучу вагондор келди, калган вагондо 2022-жылдын биринчи кварталында келиши күтүлүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин айтымында, өлкөгө жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясынын келиши – кыргыз темир жолун жаңылоонун башталышы болуп саналат.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечимин чыгарган.
«Бүгүн биз жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын тосуп алуудабыз. Сиздерге маалым болгондой, ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес, - деди ал.
А.Аалиев кошумчалагандай, жакынкы жылдарда чоң реформалар жүргүзүлөт.
«Биз Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан жаңы темир жол магистралын куруу долбоору үстүндө иштөөдөбүз, бул ишкананын эл аралык деңгээлге чыгуусуна жана эл аралык жүктөр үчүн транзиттик коридорду камсыздоого мүмкүндүк берет. Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүүдө», - деди Азиз Аалиев.
Андан соң министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты, «Бишкек 1» темир жол станциясындагы жүргүнчүлөр вагонун оңдоо заводун, локомотив депосун, диспетчердик пунктту кыдырып чыкты. Ошондой эле ал ишкана жамааты менен жолугуп, анда мамлекеттик ишкананы өнүктүрүү планы тартууланды.
Булак: NazarNews.kg