www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду өлкөгө аткезчилик менен ташыган адамдардын ишине бөгөт коюлду.

УКМК билдиргендей, кечээ, 22-декабрда, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унанын айдоочусу, КР жараны М.М.К. кармалды.

Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы алдын ала 50 миллион сомдон ашык деп болжолдонгон 1500-2000 куту дары-дармек жана 348 даана уюлдук телефон табылды. Ошол эле учурда бул товарлардын документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы талаптар аткарылган эмес.

Бул унаа Россия Федерациясынан келип, Кыргызстандын түштүгүн көздөй бара жаткан.

Учурда бул факттын жагдайларын тактоо жана товардын чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости