www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Al Youm as Sabia маалымат порталы Хосни Мубарактын көз жумгандыгы тууралуу маалымат чыгарды. Египеттин мурунку президенти Каир шаарында 92 жашында каза болду.
el-Watan газетасынын маалыматы боюнча саясатчы көп жылдык оорудан кийин көз жумду. Январь айынын аягында мурунку президенттин ичиндеги шишик операция жолу менен алынган. Ошондон кийин жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Белгилей кетсек, Хосни Мубарак Египетти 30 жыл башкарган. 1981-жылдан 2011-жылга чейин. 2011-жылдын февраль айында массалык митинг болуп, негизи талап Мубарактын бийликтен кетүүсү болгон. Ал ошондон кийин оставкага кеткен.
Анын аркасы менен эле мурунку президент коррупцияга жана демонстранттардын өлүмүнө айыпталып, камакка алынган. Мубарак алты жыл түрмөдө отуруп, 2017-жылы эркиндикке чыккан. Акыркы жылдары Мубарак өзүнүн үй-бүлөсү менен Каир шаарынын Гелиополис районундагы виллада жашап келген.
Булак: NazarNews.kg