www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үрөй учурган бул сүрөттөр Кытай кыздарынын сулуулук үчүн кандай курмандыкка барышканын көрсөтөт. Буттары сулуу көрсөтүү үчүн кытай бийкечтери манжаларын кесип, аны таманын астына жабыштырышкан. Сулуулар бутунун формасын азыркы туфлиге окшотуп бийлешкен. Адам чочурлук бул салт Кытай жеринде мындан 1000 жыл мурда пайда болгон, деп бул тууралуу The Sun басылмасы жазат.

Кытай императору Тан бутун байлап бийлеген сулууга ашык болгондон кийин башка кыздардын да ошондой жүрүшүн буйруган.

Бул сүрөттө 86 жаштагы Чжоу Гуйжен байланган бутун көрсөтүп жатат. Анын бирдей төрт манжасы кесилип, таманынын астына жабыштырылган.

Уккан адамдын жакасын карматкан бул салтты орто жашагандардан баштап, оокаттуу үй-бүлөлөрдөн чыккан кыздар да карманышкан. Ал тургай, көп узабай манжаларын кесип, байлап алуу модага айланган дешет. Ошондой эле, бир кездерде бутту байлоо –байлыктан белгиси катары кабыл алынган. Айрыкча, жумуш  жасабаган бай кыздар буттарын байлап жүрүшкөн.

Бул багыттагы сулуулар айрыкча, кыш мезгилинде жасоону туура көрүшкөн. Алар ызгаардуу кыштын суугунда ансыз да бут жансыз болот, демек ооруну да сезбейт деп эсептешкен.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости