www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын февраль айынын башында Лондондогу Альберт-Холлдо BAFTA-2020 сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сыйлык жыл сайын британиялык киноакадемиясынын жана телевизиондук искусствосуна эмгек кылгандарга тапшырылат. Жылдагыдай бул аземге Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильям да катышты. Бул жыл Уильям үчүн өзгөчө, антrени Уильям Британия академиясында президенттигин он жылдан бери жетектеп келе жаткан болсо, кызыл килемде 4-ирет чыгышууда.

Иш-чарага Кейт Миддлтон Alexander McQueenдин назик көйнөгүн кийип келген. Ак көйнөктү гибискус  гүлдөрү кооздоп, образды алтын түстүү туфли менен Van Cleef & Arpelsтин жасалгалары толуктап турду. Белгилүү болгондой Кейт бул көйнөктү алгач ирет кийип чыккан жок. 2012-жылы да ушул көйнөктү коомчулукка кийип чыккандыгы маалым.

Кейт Мидллтон и принц Уиьям на премии Bafta

Герцогинянын назик образы мода сынчылары тарабынан мыктылардын катарына алда качан киргизилген. Былтыркы жылы британиялыктар Кейтти эң стилдүү айым деп табышкан.

Бул тууралуу Мода академиясынын директору Ли Лукас: “Бүгүнкү күндө Кейт өзүн мода индустриясындагы падышалык лидер экендигин көрсөтө алды. Ал моданын агымын кабыл ала билип, салт менен тенденцияны айкалыштыра алат”,-деп The Daily Mail гезитине маалымат билдирген.  

Эске сала кетсек, бул жылы Сэм Мендестин “1917” драмасы 6 наамды жеңип алып, анын ичинде “Мыкты режиссёр”, “Мыкты фильм” номинацияларын да багынтты. Жылдагыдай бул жолу да иш-чара чыр-чатаксыз болгон жок. BAFTA-2020 аземинде бул жылы  “Мыкты режисёр” наамына талапкерлердин ичинде актерлор жалаң ак терүүлөр экендиги сынга алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости